Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.06.2018 15:40

Жалал-Абадда жыл башынан бери 3 бала сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери балдар сууга чөгүп кеткен 8 учур катталды. Алардын ичинен 3 баланын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору Курманбек Турушов билдирди.

Анын айтымында, сууга чөгүү фактылары негизинен жаш балдардын кароосуз калуусу, канал, дарыя жээктеп ойноп жүрүп, сууга түшүп кетүүсүнөн улам катталууда. Ошондуктан ата-энелерди жаш балдарга көз салууга чакырат.

«Сууга чөгүүдөн улам быйылкы жылы үч бала каза болду. Бири Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына агып кеткен. Ал эми экинчи учур Сузак районунда катталган. Анда ойноп жаткан бала Көк-Арт дарыясына кулаган. Үчүнчү факт Сузак районундагы Чөкө-Дөбө айылында болуп, чоң каналдын жээгинде эки жаш бала ойноп жатып, экөө тең каналга түшүп кеткен. Бири каза болсо, бирөөсү оор абалда ооруканага түшкөн.

Калган фактылар суу агымы аз аккан арыктарда, көлмөлөрдө орун алгандыктан алар өз убагында куткарылган. Балдардын кароосуз калуусу да ушундай кырсыктын орун алуусуна түрткү болууда. Ошондуктан ата-энелерди жаш балдарга көз салып турууга чакырабыз», - дейт Курманбек Турушов.

Былтыркы жылы 22 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын сегизи эркек, төртөө аял кишилер. Сууга чөгүп каза болгондордун ичинде 10 өспүрүм бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×