Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Аксыда 40 гектар жайытты зыяндуу чегирткелер каптады

Turmush -  Аксы районунда 40 гектар жайытты зыяндуу чегирткелер каптады.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдыз Осмонованын маалыматына караганда, учурда жайыт жерлерди дарылоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Терс айылында 40 гектар тааланы чегиртке каптап, ага каршы дарылар чачылды. Учурда дагы атайын топ иштеп жатат. Тынымсыз дарылоодон улам азыр зыяндуу чегирткелердин саны азайып калды. Талаага эч кандай зыян келтирилген эмес», - деди ал.

Терс айылы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнөн 60 чакырым алыс аралыкта жайгашкан. Айылда 200 түтүндөн ашуун эл жашайт. Аксы районунда жыл сайын эгин талааларды зыяндуу кара чегирткелер каптайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 560
Көп окулду
×