Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Жеңеке: 5 тилде эркин сүйлөгөн 34 жаштагы М.Райымкулова кайын журтунун кирешелүү келини (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Кара-Көл шаарынын 34 жаштагы тургуну Мейиз Райымкулова.

Ал 1984-жылы Токтогул районунда төрөлүп, айылдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүргөн. 2007-жылы БГУнун Европа цивилизациясы факультетин аяктап, англис тилчи мугалими кесибине ээ болгон. Алгачкы эмгек жолун 2008-жылы Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Быйыл «Жылдын мыкты мугалими — 2018» сынагынын шаардык турунда жеңүүчү аталып, облустук турдан 2-орунду ээлеп, 2-даражадагы диплом жана мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды.

Мейиз Райымкулова өз кесибин абдан жакшы көрөрүн жана анын окуучулары АКШдан акысыз окуп келгенин белгиледи.

«2015-2016-окуу жылында Мамадалиева Айназик FLEX программасы боюнча Америкада 1 жыл бекер окуп келди. Ушул эле программа менен 2017-2018-окуу жылында Разиева Малика Америкага жолдомо утту, июлда сапар алат. 2016-2017-окуу жылында 6-класстын окуучулары «Золотая лестница» уюштурган долбоордо облустук турга катышып, сертификаттарга ээ болушту. Ал эми 10-класстын окуучусу Сакеналиева Кыял баш байгени жеңип, Кытайга жолдомо алды.

Өз кесибим аябай жагат. Аны аздектеп, күн сайын билимимди өркүндөтүү менен алектенем. Балдар менен иштегенди жакшы көрөм. Анткени алардын дили таза, жан дүйнөсү аруу болот», - деди ал.

Ал билдиргендей, окуучуларга сабак өтүүдө интерактивдүү методду колдонот. Оксфорд университетинин китептерин колдонуп, дүйнөлүк стандартка ылайык угуу жана сүйлөөгө өзгөчө көңүл бурат.

«Англис тилин үйрөтүүдө оюндарды колдонуп, окуучулардын тилин көнүктүрүү, сөздөрдү эске тутуусун жакшыртуу максатында ырларды угузуу методун колдоном. Англис тилинде видеолорду көргөзүп, тилдерин жатыктырам. Интернет булактарынан изденип, тест менен иштейм. Сахналаштырылган образдуу ролдорду аткарабыз. Автордук зачеттук китепче түзүп, анда окуучулардын ар биринин сүйлөөсүн, грамматикасын, угуусун, которуусун, лексикасын баалап, аларга чейрек сайын анализ жазып, ата-энелерине маалымат берип турам. Себеби ата-эне, мектеп, мугалим бири-бири менен тыгыз байланышып, чогуу аракет жасашса, мыкты окуган окуучулардын саны көбөйөт», - деди ал.

М.Райымкулова англис тилинен тышкары италян, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт.

«Мен тил үйрөнүүгө аябай кызыгам. БГУда италян тилин үйрөндүм. Кыргыз-түрк "Манас" университетинде түрк тилин өздөштүргөм. Чет тилдеринде ырдаганды да жакшы көрөм. Спортко абдан кызыгып, мектептеги спорттук мелдештерге байма-бай катышып келем. Келечекте окуучуларымды англис тилинде жакшы окутуп, чет мамлекеттерге жиберүүнү кыялданып келчүмүн. Ал кыялдар акырындык менен ишке ашууда. Өз балдарым, окуучуларым көп тил билүүсүн каалайм. Аларга шарт түзүп, көп тилде сүйлөөсүнө салым кошсом деп аракеттенип келем», - деди ал.

Анын айтуусунда, кайын журту жана жолдошу Эмилис Аманбеков анын ишине колдоо көрсөтүп келишет.

«Өзгөчө кайненем өзү окубай калганын айтып, мени колдоп, сынактарга катышканымда же семинар -тренингдерге барганымда балдарымды карап, чоң жардам көрсөтөт. Жолдошум да ар тараптан колдоп тургандыктан ушундай ийгиликтерди жаратып келе жатам. Кесиптештерим аябай жакшы, ынтымактуубуз. «Жандоочу кийик аттырат» демекчи жамаат дайыма колдоп, жакшы сөздөрүн айтышып, шыктандырып турушат. Мектептин директору Г.Кокоева да жамааттын биринчи жетишкендиги ынтымак экендигин белгилеп келет. Мунун арты менен катардагы мугалимдер көп ийгиликтерди жаратып жатышат», - деди ал.

М.Райымкулованын айтуусунда, ага ысымды атасы Райымкул Күйпиев ыйгарган.

«Мейиз деп ысымымды атам койгон. Атам жомок китеп көп окучу. Ошол жомоктогу каармандардын биринин 5 кызы болуптур. Алардын ысымдары Жүзүмгүл, Алмагүл, Алчагүл, Мейизгүл анан Жийдегүл экен. Беш кызынын ичинен атасына эң жакыны Мейизгүл болуптур. Ал атасы менен кеңешип иш кылган, ага күйүмдүү, боорукер кыз болуптур. Ошол жомоктогу Мейизгүлдөй мага жакын, күйүмдүү, акылдуу, тагдыры таттуу болсун деп атымды Мейиз деп коюптур. Атамдын тилегиндей эле мен апама караганда атама жакын болуп өстүм. Атам 47 жашында каза болуп калды», - деди ал.

М.Райымкулованын кайын энеси Гүлзада Үмөтованын айтымында, ал келинин өз кызындай көрөт.

«Келиним менен уулум 2007-жылы декабрь айында баш кошушту. Ошол күндөн бери келинимди кызымдай жакшы көрөм. Анын мүнөзү, мага жасаган мамилеси, тартиби, кылган иши оюмдагыдай, купулума толот. Жумуштан чарчап келгенимде орусча, англисче, кыргызча ырдап, көңүлүмдү ачат. Жасаган тамактарынан куурдагы, беш бармагы абдан жагат. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» деген макал чыныгы турмуштан алынган. Ошол сыңары Мейиз келиним менин айта турган оюмду алдын ала сезип, туюп, ага айтыла турган ишти ойдогудай аткарып коёт. Кайын журтун сыйлаганды да жакшы билет. Бизге кирешелүү, берекелүү келин болду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3279
Көп окулду
×