Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.06.2018 10:04

Тагдыр: Талма оорусу кармаганда кайнак сууга күйүп калган Б.Ашыровага экинчи операция жасалды (фото)

Turmush -  Кайнак сууга күйүп калган Кара-Көл шаарынын тургуну Бактыгүл Ашыровага экинчи ирет операция жасалды. Бул тууралуу «Мүрөк-к» кайрымдуулук фондунун ыктыярчысы М.Чилетиров билдирди.

Анын айтуусунда, буга чейин шаардын кайрымдуу тургундарынан 106 миң сом топтолуп, Б.Ашыровага өткөн жылдын сентябрь айында мойнуна биринчи операция жасалып, ага 60 миң сомдон ашык каражат жумшалган.

«Бул жолу операция ээгине, мойнуна, колтугуна, сол колуна жасалып, элден чогулган каражаттын 40 миң сому жумшалды. Операция Бишкектеги жеке менчик клиникалардын биринде жасалып, ал ийгиликтүү өттү. Учурда анын абалы жакшы, дагы маммолог дарыгерге көрсөтүлөт. Үч ай өткөндөн кийин дагы 5 операция жасалат», - деди ал.

Ал эми Б.Ашырованын апасы Зейнеп Ашырова учурда кызынын абалы жакшы экенин айтып, материалдык жардам көрсөткөн Кара-Көл шаарынын элине ыраазычылык билдирди.

Алдыда дагы 5 операцияга каражат керектелет. Жардам берүүнүн каалагандар 0778787484 номуру аркылуу «Мүрөк-к» коомдук бирикмесинин жетекчиси жана 0779832022 номуру аркылуу анын жардамчысы менен байланышса болот.

Буга чейин Б.Ашырова 2016-жылдын 26-сентябрында денесинен катуу күйүк алгандыгы маалымдалган. Анын апасы Зейнеп Ашырованын айтымында, кызынын талма оорусу кармап, кайнап жаткан суу төгүлгөн.

«Кызым 2016-жылдын 26-сентябрында күйүп калган экен. Мага айтышпаптыр. Ошол күнү 2 кызы мектепке кетсе, 2 баласы менен жолдошу эшикте жүргөн. Плитага чайга суу коюп, ошол кезде талма оорусу кармап, кайнап жаткан суу ага төгүлүптүр. Эшикте жүргөн жолдошу кызымдын ары-бери чуркап жатканын жана күйүп калганын көрүп, ооруканага жеткириптир. Мен 27-сентябрда түнкүсүн угуп, кызымды көргөнү келсем абалы өтө оор экен. Буту-башы таңылып, эки колу эки жакты карап, көзү да көрүнбөй, таңылып жаткан экен. Ооруканада 3,5 ай жатты», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×