Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын мэрлигине эки талапкердин документтери тапшырылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына эки талапкердин документтери тапшырылды. Бул тууралуу БШКнын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамирбек Жүндүбаев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына «Ата Журт» фракциясынын атынан Шайырбек Ташиевдин жана «Үлгүлүү шаар үчүн» көпчүлүк коалициясынан Мураталы Тагаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн документтер тапшырылды. Үч күн ичинде алардын документтери каралат.

БШКнын токтому менен Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо ушул жылдын 11-июнуна дайындалган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Көп окулду
×