Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.06.2018 15:04

Кара-Көлдүн волейбол курама командасы республикалык мелдеште 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын волейбол боюнча курама командасы республикалык мелдештен 1-орунду ээлешти. Аталган маалыматты шаардын курама командасынын машыктыруучусу Алмаз Карыпбаев билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын апрель айында өткөрүлгөн мектеп окуучулары арасындагы спартакиадада волейбол боюнча мелдеште 1-орунду Кара-Көл шаарынын курама командасы ээлеген. Ошондой эле 7-майдан 14-майга чейин Балдар өспүрүмдөр арасындагы республикалык 8-волейбол лигасынын мелдешинде да 1-орунду ээлешкен.

Алмаз Карыпбаевдин айтуусунда, шаардагы үч мектептин окуучуларынан куралган 6 окуучу Жалал-Абад облусунун намысын республикада коргоп келди.

«К.Хуриев атындагы №5 орто мектебинен 3 окуучу: Тимурлан Масилов, Майрамбек Биймурзаев, Саламбек Сыдыкбеков жана №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинен Кылымбек Сабыралиев, Назар Еркеев, ал эми Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинен Азирет Беренбаевдер бар.

Биздин шаардын атынан ушул 6 окуучу Жалал-Абад облусунун курама командасына кирип, республикалык мелдешке катышып, биринчи орунду ээлеп кайттык. Буга чейин ушул жылдын 11-апрелинде болуп өткөн окуучулар арасындагы спартакиадада Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп кайтканбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×