Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Жалал-Абад

Базар-Коргондо 69 млн сомго курулган көпүрө пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, көпүрө Кеңеш айыл аймагынын Көкчөгөз, Могол, Коргон, Достук жана Ноокен районунун Арал айыл аймагынын Орто-Сай айылдарын борбордук базар менен бириктирип турат.

Ачылыш аземге транспорт жана жолдор министри Ж.Калилов, өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышып, кызыл тасмасын кесишти. Буга чейин жашоочулар өтмөктүн жоктугунан мектеп, бала бакча, базарга барууда 6 чакырым жолду айланып өтүшчү. Мындан улам жашоочулар тийиштүү адистерге кайрылып, жаңы көпүрө куруп берүүнү өтүнүшкөн.

Курулуш иштери 2017-жылдын июнь айылда башталып, 2018-жылдын апрель айында толук аягына чыкты. Көпүрөнүн узундугу 100 метр, туурасы 4,5 метрди түзөт. Курулуш иштерине жалпы 69 млн сом жумшалган.

Буга чейинки жарактан чыккан көпүрө 1987-жылы курулган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1007
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×