Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 04.06.2018 11:33

Ноокенде өспүрүмдөр спорттук мелдештерде күч сынашты (фото)

Turmush -  Ноокен районунун борборунда 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Биз бактылуу балдарбыз» аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райондун аймагындагы 55 тоголок жетим бала, жакыр үй-бүлөнүн балдары, жакшы окуган балдар жана райондун аймагынан 150дөн ашык бала катышты.

Аларга акимиат, райондук мекеме-ишканалар жана эл аралык уюмдар тарабынан демөөрчүлүк иштери жүргүзүлүп, балдарга суусундуктар, шириндиктер, мөмө-жемиштер, спорттук оюнчуктар жана кийим-кечелер белекке тартууланды.

Мындан тышкары, шахмат, шашки, тогуз коргоол, кол күрөш, аркан тартышуу, асфальтка сүрөт тартуу, конструктор жасоо боюнча мелдештер өткөрүлүп, катышкан балдардын баары белек менен сыйланышты.

Жалпы 150 миң сомдон ашуун каражатка жардамдар көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×