Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 02.06.2018 11:00 На русском

Видео — Майлуу-Суунун мэриясы 18 жаштагы Т.Гладышевге батир алып берди

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында жаштайында ата-энесинен ажырап калган Тимур Гладышевге шаар бийлиги батир берди. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Тимур Гладышев быйыл 18 жашка толду. Ал ата-энесинен ажыраган соң «Рахат» социалдык-адаптациялык балдар борборунда тарбияланып жаткан. Ал мекемеден Тимурду атасынын бир тууган карындашы өз багуусуна алып, эрезеге жеткирген. Азыр тапта шаардагы кесиптик-техникалык лицейде билим алууда.

«Балдар үчүн кабыл алынган мыйзамга ылайык, тоголок жетим экендиги эске алынып, жергиликтүү бийлик 1 бөлмөлүү батир алып берди. Тимур үчүн алынган батирдин ачкычын шаар мэри Нурадил Аманбаев тапшырып, ага кең келечек каалады», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×