Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.06.2018 17:48

Фото — Кара-Көлдөгү жаш жеткинчектер Балдарды коргоо күнүндө параддан өтүштү

Turmush -  Бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүндө Кара-Көл шаарында балдардын парады уюштурулду. Аймактык кабарчы билдиргендей, майрамга арналган «Жомоктор дүйнөсү» иш-чарасы салтанаттуу өткөрүлдү.

Иш-чараны шаар мэри Ильяз Еркеев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анын жүрүшүндө атайын театралдаштырылган жомок көрсөтүлдү. Ошондой эле салтанат жүрүш менен улантылып, сап башына 462 бала тарбияланган, 20 адам эмгектенген балдардын чыгармачыл үйүнүн жаш жеткинчектери тизилди. Алардан кийин 316 тарбиялануучусу бар «Баластан» бала бакчасы, 100 бала тарбияланган «Золотой улей» бала бакчасы жүрүштөн өтүп, өнөрлөрүн тартуулашты. Бөбөктөрдүн катарын шаардагы мектептердин, гимназиялардын активдүү жаш жеткинчектери толуктады. Ал эми жүрүштү балдар-өспүрүмдөр мектебинин жаш спортчулары жыйынтыкташты.

Майрамдык иш-чара оюн-зоок, ыр, бий менен улантылды. Балдардын чыгармачыл үйүнүн жана бала бакчалардын тарбиялануучулары бийдин түрлөрүн бийлеп, комузда кол ойнотуп, жомокторду аткарып беришти. Жыйынтыгында иш-чарага келген балдарга акысыз балмуздак таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×