Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.06.2018 11:24

Базар-Коргондо райондун 100 жылдыгына арналган марафон өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 1-июнда Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында райондун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине карата уюштурулган марафон өтүп жатат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, марафонго райондогу жана облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жеке ишкерлер жана жашоочулар катышууда. Андан чогултулган каражат райондун сейил багын оңдоого, аймагын тосууга, бак-дарактарды эгип, тазалап, иретке келтирүүгө жана башка социалдык максаттарга жумшалат.

Базар-Коргон районунун 100 жылдык салтанатын быйыл күз мезгилинде өткөрүү белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×