Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 01.06.2018 07:48

Токтогулда «Өйүш-Булак» лагери балдарды кабыл алууга даярдалып жатат

Turmush -  Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында жайгашкан 60 орундуу «Өйүш-Булак» эс алуу борборунун аймагы тазаланып, окуучуларды кабыл алууга даярдалып жатат. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, бул лагерде быйыл 200 бала эс алат. Ал эми 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата мэрия тарабынан уюштурлган иш-чара маданият үйүндө өткөрүлөт. Иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды.

Ошондой эле райондун аймагындагы бала бакчаларда салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат. Токтогул районунда жалпы 17 бала бакча иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×