Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Жалал-Абад

Ноокенде эки бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыргызстан айылында 110 орундуу бала бакчанын имараты курулууда. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитова билдирди.

Анын айтымында, эки кабаттуу бала бакча республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат. Бала бакчага зарыл болгон бардык эмеректер, жабдыктар алынып келди. Ошондой эле 60 орундуу дагы бир бала бакча Арал айыл аймагынын Жогорку-Арал тилкесинде курулууда. Аталган бала бакчанын курулушуна Районду өнүктүрүү фонду менен айыл өкмөттүн бюджетинен 13 млн сом бөлүндү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 668
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×