Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Тогуз-Торо районунан бүтүрүүчү Улук уулу Адилет алтын медаль ала турган болду

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Макмал орто мектебинин бүтүрүүчүсү Улук уулу Адилет алтын медаль ала турган болду. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 28-майда кабарлады.

Анын айтымында, аталган мектептин 11-класстарынын үч окуучусу алтын медаль алуу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөсүнө катышкан. Жыйынтыгында Улук уулу Адилет тесттин бардык тапшырмаларын жалаң «5» жеген баага жооп берген. Ал эми Макмал орто мектебинин алтын медалга талапкер бүтүрүүчүсү Тахмина Ташманбетова апелляция менен кайрылып, анын жыйынтыгын күтүүдө.

«Райондогу орто мектептерди быйыл 295 улан-кыз бүтүрөт. 9-классты 325 окуучу аяктаса, алардын ичинен 24 окуучу кызыл күбөлүк ала турган болду. Учурда Билим берүү жана илим министрлигинен жиберилген 30 адис мугалим-кызматкер райондогу 13 орто мектепти аттестациядан өткөрүүдө», - деди Г.Султангазиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 746
Көп окулду
×