Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

«Жеңеке»: Кол өнөрчү Н.Бекматова жолдошуна жардам берип курулушта иштеп келет (видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын 33 жаштагы тургуну Назира Бекматова 8-9 жылдан бери жолдошуна жардам берип, курулушта иштеп келет. Курулушчу жеңе менен аймактык кабарчы таанышты.

Н.Бекматова Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында 1985-жылы төрөлүп, ошол эле айылдагы орто мектепте билим алган. Окууну бүткөндөн кийин Бишкекке барып, бир тууган агасы менен бирге курулушта иштеп калган. Ал агасы Нурлан Бекматовдон шпаклёвка жасаганды, обой чаптаганды өздөштүрүп алган. Кийин, 2009-жылы Казарман айылынын тургуну Алмаз Миңбаевге турмушка чыгып, 4 баланын энеси болгон.

Н.Бекматованын жолдошу учурда үйлөрдү заманбап стилде жасалгалап иштейт.

«Курулушта иштегенимди намыс деле көрбөйм. Тескерисинче жакшы кесип. Жолдошума жардам берип, жеңил иштерин мен жасайм. Учурда Казарманда жашайбыз. Курулуш иштери чыгып калганда бирге барып иштейбиз. Бир жылда 100 миң сомго чейин киреше табабыз. Эми, бир үйдү евро жасоонун баасы сүйлөшкөнүбүзгө жараша болот. Өзүбүздүн менчик үйүбүз жок болгондуктан экөөлөп иштеп, үй-бүлөлүк казынабызды толтуруп, үй алсак деп аракет кылып жатабыз. 4 балам бар. Аларга эч кандай жөлөк пул албайбыз», - деди Н.Бекматова.

Н.Бекматова мындан тышкары кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет.

«Өзүңүздөр билгендей, учурда туруктуу деле жумуш жок. Бирок жумуш жок деп жата бергенде бизди ким бакмак эле. Жолдошума үйүмдү жасап бер деп айтышат. Жалгыз кантип иштемек эле. Ошондуктан каражат бир үйгө түшүп калсын деп, мен дагы жардам берип, экөөлөп иштейбиз. Андан сырткары, кийизден ар кандай буюмдарды, капчыктарды, телефон салгычтарды жасап, ар бирин 100 сомдон сатам. Ошондой эле, буйрутма менен шырдак жасайм. Шырдактын баасы 12 миң сомго чейин баалайм», - дейт Назира жеңе.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3448
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×