Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 27.05.2018 11:33 Жаңыланды: 28.05.2018 09:57

Кылым карыткан Ажар апа: Айылда эркектер жок, аялдар көр казып, маркумдарды жашырганбыз (фото, видео)

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын тургуну Ажар Эгемова быйыл 105 жашка толду. Ал өмүрүндө тарткан азаптуу күндөрүн эстегенде көзүнө жаш алып, азыркы тынчтык жашоону кадырлоого үндөйт. Апанын улуу баласы 70тен ашса, эң кичүүсү 62 жашка толгон. Апанын 100дөн ашык небереси, 10го жакын кыбырасы бар.

Ал кылым карыткан адамдардан алда канча тыңдыгы менен айырмаланып турат. Ажар апа 14 жашка толгондо колхоздоштурууга каршы болгон басмачылардан корккон атасы аны дароо өзүнөн улуу адамга турмушка узаткан. Себеби басмачылар кыздарга көз артуусу мүмкүн деген кооптонуудан улам кызын эрте турмушка узатууга мажбур болгон.

Турмуш күтүп, очор бачар жашап жаткан мезгилде улуу Ата Мекендик согуш тутанып, жолдошу кан майданга кетип, кайтып келген эмес. Биринчи көз жарган эгиз кыздары да жокчулуктун айынан дүйнө салган. Жолдошун согушка узатып, кыздарынан айрылган эне согуш мезгилинде Жалал-Абад тарапка келип, согуш аяктаганга чейин канал казып иштеген. Ал күндөрүн төмөнкүдөй айтып берди:

«Айылдагы аялдар Таш-Көмүргө чейин жөө, жылаңайлак барганбыз. Анткени ал учурда бут кийим да тартыш болуп, кыйынчылык заман болгон. Таш-Көмүргө жеткенибизде поездке салышты, алып барчу жерге жеттик. Мончого түшүрдү да андан кийин колдорубузга бирден кетмен, күрөк берип, канал казууга чыгарышты. Канал казып жатып, «согуш басылдыбы?» деп улам сурайбыз, «жок» деп жооп беришет. Кийин кайра «согуш басылдыбы?» деп сурап, «ооба» деген жооптуу алдык. Согуш бүткүчө Жалал-Абад тарапта канал казып иштедим. Айылга келсек эркектер жок. Өлгөн адамга көр каза турганга адамдар жок. Анан аялдар көр казып, маркумдарды өзүбүз көмдүк. Жерди тереңирээк казып, эптеп өлүктү жашырдык. Жашоонун кыйынчылыктарын биз көрдүк. Мындай кыйынчылыкты бир дагы адамга каалабайм», - дейт апа.

Согуштан кайткандан кийин апааттуу күндү баштан кечирип айылына кайткан айылдашына турмушка чыгып, экинчи жолу турмуш күткөн. Эне 9 баланы өстүрүп эрезеге жеткирген.

Балдарынын ырастоосунда, апасы дайыма канал казган учурун көп айтып берчү. Анда маянага иштөө деген түшүнүк болгон эмес. Канал чапканына карап нан берилген. Күндөгүдөн көбүрөөк канал чабылган күнү нандын көлөмүн бир аз көбөйгөн. Ошентип согуштун кыйын күндөрүндө оор мезгилди баштан кечирген. Азыркы тынч заманда жашап жатканына ар дайым шүгүр келтирет. Ушул заманга шүгүр келтирип, ыраазы болуп жашоо керектигин көп айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×