Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 26.05.2018 15:34 Жаңыланды: 26.05.2018 17:25

Тогуз-Торо районунун жаңы акими Айбек Кожошев жамаатка тааныштырылды (фото)

Turmush -  Айбек Кожошев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев койгон.

Ошол эле учурда Айбек Кожошев мурда ээлеген акимдин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, бүгүн, 26-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков акимди район активине тааныштырды. Ошондой эле, ал жаңыдан дайындалган акимге ийгиликтеди каалап, районду өнүктүрүү үчүн иштеп берээрине үмүт артаарын белгиледи.

Жыйынга мурунку аким Тилек Идирисов дагы катышып, район активине өз ыраазычылыгын айтып, жаңыдан кызматка киришкен Айбек Кожошевге да ийгиликтерди каалады.

Райондун мурунку акими «Джи Эл Макмал Девелопинг» кен байлыкты бургулоочу ишканасынын курулушуна каршы болгон митингден улам кызматынан бошотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×