Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.05.2018 20:35

Алыскы Көк-Таш айылынын эли өкмөттүн өкүлүнө чек ара, жол көйгөйүн айтышты (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундаг ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районуна иш сапары менен барып, алыскы Көк-Таш жана 1-Май айыл аймактарындагы бир катар соцобъектилердин абалы менен таанышты жана жергиликтүү калк менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда өкүл 1-Май айыл аймагында Эшме-Сай участкасында Айры-Там, Ажек, Жаңы-Шаар, Ынтымак айылдарын таза суу менен камсыздоочу таза суу резеруарынын курулушу менен таанышты. Районду өнүктүрүү фондунан каржыланып жаткан объект быйыл ишке берилет. Ажек айылында курулуп жаткан маданият үйүнөн да кабар алынды. Бул маданият үйү АРИСтин«Айылды инвестициялоо-3» долбоорунун алкагында Немис өнүктүрүү банкынын каражатына курулуп жатат. Эки кабаттан турган имарат 230 көрүүчүгө ылайыкташкан. Ал жакынкы күндөрү пайдаланууга берилмекчи. Ошол эле аймактагы Жаңы-Шаар орто мектебинин абалын да көрүштү. Мындагы мектеп имараты авариялык абалга кептелип, мугалимдер окуучуларга татаал шартта сабак берип жатат. Мындан улам айыл эли 2016-жылы башталган курулуш иши жакшы жанданбай жатканын айтышып, имаратты эртелетип бүткөрүп берүүнү суранышты.

Жумушчу топ калк менен да жолугуп, алардын ой-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп беришти. Жергиликтүүлөр районго кирпич завод куруу зарылдыгын белгилешти. Анткени аймакка бышкан кыштын бир даанасы 12-13 сомго барат, мындан улам элеттиктер үй тургузууда убай тартып келишет. Кыштын өзү эле миллион сомду чапчыйт.

Район акими Эмил Абдыкадыров жеке ишкерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, инвестиция тартуу аракети жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле, жергиликтүүлөр кен казылган жерлер калыбына келтирилбей жатканын айтышты.

Көйгөйлөрдү ортого салган эл айыл аймак башчысы Муктар Шербаевдин аймакты өнүктүрүү үчүн бар күчүн жумшап жаткан аракетине өз ыраазычылыктарын да айтышты. Облустук бийликтин өкүлдөрү да айыл өкмөт башчынын бюджети аз экендигине карабастан, ар кандай эл аралык уюмдарга долбоор жазып, дал ошол долбоорлор аркылуу эле бир топ жумуш жасап жатканына ыраазы болушту.

Андан кийинки сапар Көк-Таш аймагында уланып, Булак-Башы айылында чек ара тилкелеринде жайгашкан турак жайлар менен таанышты. Андан сырткары, Көк-Таш айылындагы Орто-Суу чек ара тозотунда болуп, аскер кызматкерлеринин жашоо шартын көрүп чыкты. Мындагы аймакта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 орундуу оорукана курулуп жатат. Эки кабаттуу имаратты куруу үчүн жалпы сметалык баасы 19 миллион сомду түзгөн. Тендерден «Некс Строй» ЖЧКсы 14 миллион сомго утуп алып, өз жумушун жасоодо. Ушул жылдын ноябрь айларына бүткөрүү аракети көрүлүүдө.

Чоң-Сай айылында тогуз бөлмөдөн турган ФАП курулууда. Бул имаратты куруу үчүн жарыяланган тендерден «Көк-Таш курулуш» компаниясы 2 миллион 330 миң сомго утуп, жумуш жүргүзүүдө. Бул объектини курууга жумшалуучу каражатты да айыл өкмөт бөлгөн.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Эргешовдун айтымында, быйыл айыл өкмөттө жалпысынан 97 миллион сомдук курулуш иштери жүрөт. Жумушчу топ жогорудагы объектилеринде да болду.

Ал эми Көк-Таш айылынын калкы чек ара көйгөйүн көтөрүштү. Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймакта жашоо кечирген жашоочулар калктын жүрөк өйүткөн маселеси дал ушул такталбаган чек ара экендигин айтышты. Жол көйгөйүн көтөрүштү. Элдик жыйында белгилүү болгондой, айыл аймактын эли жарандык паспорт, күбөлүк алуу үчүн район борборуна барышат, оңой менен кезек тийбейт. Кээде кезеги жетпей кайрадан убара болуп кайтууга туура келет.
«Балдарга күбөлүк алууда көйгөй жок. Анткени, Көк-Серек менен Көк-Таш айыл аймак эли үчүн 1-2 күнү кезексиз кабыл алышат, жумушуң батыраак бүтөт. Паспорт алууда кыйынчылык орун алууда. Аптанын бир күнүндө көк-таштыктарды кезексиз кабыл алуу тартибин киргизип берсеңер деген сурануулар болду. Интернет көйгөйү айтылды.

Район акиминин ырастоосунда калкты интернет менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, интернет маселеси чечилсе паспорт алуу көйгөйү да жеңилдейт. Айыл өкмөттөн эле паспорт алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Жакынкы айларда калк көйгөйү жөнгө салынат. Ыйгарымдуу өкүл жарандар көтөргөн маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер иш алып барылаарын, калк көйгөйүн чечүү негизги максат экенин баса белгиледи.

Ыйгарымдуу өкүл 105 жаштагы Ажар энеден да кабар алып, ал абалын сурады. Кылым карыткан апа ак батасын берип, ыраазычылыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×