Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Чаткалда «Айылымды даңктаймын» сынагында мыкты айыл аныкталат (фото)

Turmush -  Чаткал районундагы айылдардын арасында «Айылымды даңктаймын» аттуу сынак уюштурулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка ар бир айылдагы өнөрлүү адамдар катышып, айылдарынын намысын коргоодо. Анда кийиз жасоо, баланы бешикке бөлөө сыяктуу улуттук жөрөлгөлөр көрсөтүлүүдө.

Сынакта айылдардагы үлгүлүү үй-бүлөлөр, кол өнөрчүлүк менен алектенген чеберлер күч сынашууда. Жыйынтыгында эң мыкты айылга акчалай сыйлык берилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 663
Көп окулду
×