Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.05.2018 12:54

Ала-Букада акыркы коңгуроодо башаламандыкка жол берилсе катуу чаралар көрүлөрү эскертилди

Turmush -  Ала-Бука районунда акыркы коңгуроо иш-чарасына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РИИБдин маалыматына караганда, акыркы коңгуроо аземин тынч өткөрүү максатында РИИБ акимиат, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектеп окуучулардын ата-энелерине чогулуш өткөрдү. Анда 25-май күнү окуучулар акыркы коңгуроо аземи бүткөндөн кийин автоунаалар менен жолго чыгып, оюн уюштурууга жана ар кандай бейбаштыктарга жол бербөөгө чакырып, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эгерде 25-май күнү мектептерде көрсөтүлгөн буйруктардын талаптарын так аткарбай, ар кандай башаламандыка жол берилсе анда мыйзам чегинде катуу чаралары колдонулары эскертилди.

Ала-Бука районунда жалпы 45 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×