Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.05.2018 11:18

Ала-Букада 10 миңден ашык адамды таза суу менен камсыз кылуучу башкы курулма курулуп жатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Эшме-Сай участкасында таза суунун башкы курулмасы курулуп жатат. Бул объект ишке берилсе 10000ден ашуун адам таза суу менен камсыз болот. Мындай маалымат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районуна жасаган жумушчу сапарында айтылды.

1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаевдин айтымында, «1-Май айыл аймагынын Эшме-Сай участкасында курулуп жаткан резервуарлар, хлоратор жана башка таза суунун курулмасы үчүн кошумча курулмаларды куруу» долбоору райондук региондорду өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ишке ашырылып жатат. Курулуш иштерин «Югстройсервис» ишканасы жүргүзүп жатат. Долбоордун наркы 11 млн 562 миң 396 сомду түзөт. Мындан улам айыл аймактын Айры-Там, Ажек, Жаңы-Шаар, Ынтымак айылдарында 10000ден ашуун адам таза суу менен камсыз болот.

«Долбоорго ылайык 250 метр кубдан турган 2 резервуар курулат жана хлоратор, чарбалык имараттарды куруу пландалган. Мындан сырткары 4 чакырым аралыкка таза суу трассасын тартуу иштери каралган. Былтыркы жылы курулуш иши башталган быйыл жай мезгилинде бүткөрүлүүсү күтүлүп жатат», - деди ал.

Өкүл иш сапарында аталган айыл өкмөттөгү бир катар социалдык объектилерде болду. Анда Ажек айылында курулуп жаткан маданият үйүнөн да кабар алынды. Бул маданият үйү АРИСтин «Айылды инвестициялоо-3» долбоорунун алкагында немис өнүктүрүү банкынын каражатына курулуп жатат. Эки кабаттан турган имарат 230 көрүүчүгө ылайыкташкан.

Облус башчысына Жаңы-Шаар орто мектебинин абалын да көрсөтүштү. Мындагы мектепте мугалимдер окуучуларга татаал шартта сабак берип жатышат. 2016-жылы 150 орундуу мектептин курулушу башталган. Жергиликтүү калк дал ушүл мектептин курулушун эртелетип берүүнү өтүнүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен да жолукту. Калк да Жаңы-Шаар орто мектебинин курулушун эртелетүү керек экенин айтышты. Ошондой эле, кен казылган жерлер кайрадан калыбына келтирилбей жатканын белгилешти.

Калк айыл аймак башчысы негизинен түрдүү долбоорлор менен социалдык объектилерди оңдоп жатканын белгилешти. Ошондой эле, кирпич завод салуу зарылдыгын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×