Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.05.2018 09:17

Базар-Коргон районунун 100 жылдыгы белгиленет

Turmush -  Базар-Коргон районунда быйыл күз мезгилинде райондун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу райондук администрациянын социалдык секторунун башчысы Сагындык Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, мааракеге карата учурда марафон өткөрүлүп жатат.

«Базар-Коргон районунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын расмий түрдө белгилөө иши өкмөт тарабынан бекитилген. Ошондуктан, райондун аймагындагы жалпы элдин катышуусунда «Туулган жериң - алтын бешигиң» деген ураандын астында өткөрүлмөкчү. Мааракени өткөрүү үчүн марафон уюштурулуп жатат», - дейт С.Кудайбердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×