Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.05.2018 16:57 На русском

Ала-Букада 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой эненин кыялын орундатышты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Там айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ата айылындагы мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү жалгыз бой, 2-топтогу майып энеге үч бөлмөлүү үй куруп беришти.

Уюштуруучулардын айтымында, жалгыз бой Башарат Турдалиеванын 16 жылдан бери баш калкалар жери жок эле. Анын конушу болгону менен үй тургузарга чамасы жетпей келген.

«Бүгүн Башарат эненин кыялы орундалып отурат. Үйдүн ачкычын Рамазан айы аяктаганда, айт майрамында тапшырабыз. Азыр толугу менен бүткөрүү иштери уланууда», - дешти уюштуруучулар Бектур Ажимурат уулу менен Жумадил Исабаев.

Мектепти аяктаганына 10 жыл болгон Бектур Ажимурат уулунун айтымында, классташтардын мындай кадамга баруусуна айылдашынын катаал шарты түрткү болгон.

«№5 Чаңгулов атындагы орто мектепти аяктаганыбызга быйыл 10 жыл болду. Классташтар 10 жылдык майрамды шаан-шөөкөт кылып, ашыкча ысырапчылыкка жол бербейли деп, өзүбүздүн айылдашыбыз 1-топтогу майып Турдалиева Башарат эжеге жаңы турак үй салып берүүнү чечтик. Эженин 2 кызы бар, алар да турмуш куруп кетишкен.

Эженин жер тилкеси бар экен, ошол жерге үйдүн пайдубалынан баштап куруп, азыркы учурда шыбактарын бүтүрүп, айнек, эшиктерин коюп койдук. Эми ички жасалгасы калды. Калган иштерине чет жакта иштеп жүргөн айылдын жаштары да көмөк көрсөтүшмөк болду», - дейт Б.Ажимурат уулу.

Башарат Турдалиева 1-топтогу майып, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×