Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 23.05.2018 13:36

Таш-Көмүрдө үйү өрттөнгөн куткаруучуга 2 бөлмөлүү батир белек кылышты (фото, видео)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында эмгектенген куткаруучу Калыс Жуманазаров кесиптештери тарабынан өзгөчө белек алды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Таш-Көмүр шаардык бөлүмдүн №57 өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу К.Жуманазаровдун (1984-жылы туулган) 2015-жылы күйүп кеткен үйү барак тибинде болуп, 10дон ашык үй-бүлөгө таандык эле. Кырсыктан кийин турак жайга муктаж болгон куткаруучуга Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан №111 кесиптик лицейдин 2 бөлмөлүү жатаканасы оңдолуп, убактылуу жубайы жана эки уулу менен жайгаштырылган. Бирок акыркы айларда жатакананын жетекчилиги бөлмөнү бошотууну талап кылып келген. Буга байланыштуу ата-энеси жана бир туугандары жок куткаруучу үй-бүлөсү менен турак жайга өтө муктаж эле.

Куткаруучу Калыс Жуманазаров

Анын абалына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги кесиптештери жана кызматкерлер тарабынан жардам көрсөтүү сунушталып, Жалал-Абаддагы кесиптештери 100 миң сом акча каражатын топтошту. Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жетекчилери да бул маселеге кайдыгер карабай, 100 миң сомго жакын акча каражат жыйналган. Ошондой эле кайдыгер карабаган жарандардан топтолгон каражат менен биргеликте Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылындагы №8 көп кабаттуу турак үйдөн 2 бөлмөлүү батир 205 миң сомго алынып, Калысбек Жуманазаровго мыйзамдуу өткөрүп беришти.

Батирдин ачкычын министр Нурболот Мирзахмедов өзү тапшырып, каалоо-тилегин билдирген.

«Жамааттын жардамы күндө эле тие бербейт, башка иш түшкөндө минтип жардам берип коет. Жаңы үйүң куттуу болсун, бул үйдө жакшылыктар, тойлор көп болсун», - деди Н.Мирзахмедов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×