Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Ноокенде селге аккан унаадагы адамды куткарган ата-бала сыйланды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда селден адам өмүрүн сактап калгандар сыйланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 23-майда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 22-майда өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылынын жашоочулары Маражапов Сагынбек жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукарды өз өмүрлөрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калганы жана көрсөткөн эрдиктери үчүн ӨКМдин «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалы жана ӨКМдин алкыш баракчасы менен сыйлады.

«Ушул жылдын 19-майында түнкү саат 20:00-21:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылын аралап өтүүчү Кара-Булак сайына нөшөрлөп жааган жаандан кийин суу түшкөн. Ошол учурда сайдан «Матиз» үлгүсүндөгү жеңил унаа тыгылып, өтө албай калган. Автоунаанын ичинде Кочкор-Ата шаарынын Нагорная №13 көчөсүнүн тургуну Махсудов Энвер жана анын уулу Махсудов Рустем болгон. Рустем Махсудов кол телефону менен досторун жардамга чакырып, жардамды күтүп жаткан учурда сайда суу көбөйүп, сел келип, автоунааны ичиндеги Рустем Махсудов менен кошо болжол менен 500-600 метрге төмөн көздөй агызып кеткен. Ал эми Энвер Махсудов суунун жээгинде болгон.

Ошол жерге жакын жашаган Сагынбек Маражапов жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукар жардамга чакырган адамдардын үнүн угуп, сайдын ичинде агып бара жаткан унаада киши бар экендигин байкашкан. Алар ага аркан ыргытышып, агып жаткан сууга түшүп, Рустем Махсудовдун белине арканды байлап, аны 10-15 метр жээкке куткарып чыгышкан. Андан соң үйлөрүнө алып киришип, суу болгон кийимдерин кургатышкан.

Ошол учурда суунун жээгинде отурган Энвер Махсудов дайынсыз болуп калган. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу куткаруучулар анын каза болгон сөөгүн эртеси күнү төмөн жактан таап чыгышты», - деп айтылат маалыматта.

Министр Нурболот Мирзахмедов көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Маражапов Сагынбек Эрмаматовичке алкыш жарыялап, ал эми ӨКМдин «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалын Сагынбек уулу Зулпукарга тапшырды.

Буга чейин Ноокенде сууга аккан жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, уулу куткарылганы маалымдалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1336
Көп окулду
×