Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Жалал-Абаддагы студент Мадина майып айылдаштарына кантип жардам берип жатканын айтып берди (фото)

Turmush -  Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну, студент Мадина Кадырбек кызы айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга компьютерде иштөөнү үйрөтүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал учурда ЖАМУда информатика мугалими адистигинде 2-курста билим алууда.

«Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоого болгон көз карашы башкача болуп калды. Аларда өздөрүнө болгон ишенимдери жоголду. Алар менин колумдан эч нерсе келбейт, мага кимдер ишенмек эле деген сыяктуу ойлорго жетеленишет. Буга башка адамдардын аларга болгон мамилеси дагы таасир тийгизип жатат деп ойлойм. Ошондуктан аларга пайдалуу болот деген ишеничте компьютерде иштөөнү үйрөтүүнү туура көрдүм. Башында сабагымдан бошой албай, убактым тар болуп жаткан. Азыркы тапта окуудан практикага чыгып, анын үстүнө жылдын аягы болгондуктан көбүрөөк бош убакыт пайда болуп, алар менен иштешүүгө шарт түзүлдү.

Алар табиятынан өтө назик келип, бир сөзгө да капа болгон учурлар кездешет. Ушул убакытка чейин алар менен иштешип, бир нерсени байкадым. Негизи мындай адамдар өтө аракетчил келишет экен, бирок аларга жакындары тараптан тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүү болбой калгандыктан, көп ойлору ишке ашпай калат. Эгер жакындары аларды моралдык жактан колдоп, түрткү беришсе алардан көп ийгиликтерди күтсө болот», - дейт Мадина.

Мындан сырткары ал долбоор жазып, андан компьютерлерди алгандыгын кошумчалады.

«Бул ишибизди өркүндөтүү максатында долбоор жазып, уюмдар тарабынан бизге компьютерлер берилди. Негизи айылда биздин такай отуруп иштөөчү бөлмөбүз жок, мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүнө өзүбүз барып окутабыз. Ошол себептүү үйгө коюлуучу компьютер эмес, көтөрүп жүрүүгө ыңгайлашкан ноутбук сатып алдык. Учурда айылда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар, алардын үйлөрүнө барып, компьютерде иштөөнү үйрөтүп жатабыз», - деди М.Калдарбек кызы.

Мындан тышкары, ал долбоор жазып, майып адамдар үчүн чакан мектеп ачууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1348
Көп окулду
×