Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.05.2018 18:20 На русском

Токтогулдагы унаа кырсыктан 1 адам мерт болуп, 3 адам ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы унаа кырсыктан 1 адам мерт кетип, 3 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, жолдо бара жаткан учурда «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа менен «Субару Форестер» унаасы кагышкан. «Субару Форестердин» дөңгөлөгү жарылып кетип, «Аудиге» урунуп, жол четине чыгып кеткен. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алып, ооруканага түштү. Окуя болго жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×