Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.05.2018 08:30 Жаңыланды: 25.05.2018 09:00

Айыл турмушу: Опера жана балет театрында залкарлар менен иштешкен К.Мураталиева 60 жашка таяп калса да жаштарга бий үйрөтүп келет (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылынын тургуну Калыс Мураталиева жашы алтымышка таяп калса да, бийге шыгы бар жаштарга бий үйрөтүү менен алектенет. Ошондой эле элет жериндеги аялдар арасында түрдүү сынактарды өткөрүп турат. Өнөрлүү айым менен аймактык кабарчы баарлашты.

58 жаштагы Калыс Мураталиеванын айтымында, ал опера ырчысы болууну эңсеген. Айылдагы мектепти аяктаган соң Кыргызстандагы жалгыз А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын опера бөлүмүнө тапшырып, окууга өткөн. Анын талантын байкаган театр жетекчилиги окуп жүргөн учурунда эле театрга алышып, хордо ырдап жүргөн. Окуп жана театрда иштегенге да жетишчү. Ал театрда кыргыз композиторлорунун корифейлери аталган Асанкан Жумакматов, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов сыяктуу залкар инсандар менен иштеген. Окуусун аяктаган соң эки жыл ошол театрда эмгектенген. Бирок опера ырчысы болууну көксөгөн Калыс Мураталиева ден соолугуна, турмуш шартына байланыштуу районго кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ошентип райондогу маданият үйүндө иштеп калган.

Башка айымдар сыяктуу ал да турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө күтүп, айыл жергесинде жашады. Үч уулду тарбиялап, эрезеге жеткирген. Жан дүйнөсүндөгү ырдоо көксөөсүнөн арыла албаган айым айылда балдарынын кийим-кечесин жууп, үй жумуштары менен гана алек болуп калбастан, элеттеги аялдар арасында түрдүү сынактарды өткөрүп турат.

«Опера ырчысы болгум келгени менен ал каалоом турмуш шартка байланыштуу ишке ашкан жок. Театрдан кайткандан кийин райондук маданият үйүндө иштеп жүрдүм, турмушка чыктым. Айылда катардагы аялдардай эле үйдүн жумушун жасап, талаага чыгып, кетмен чаап эле жашоо кечирип келе жатам. Ырга, бийге болгон көксөөм өчкөн жок. Тар чөйрөдө, иш-чараларда ырдап жүрөм. Маданияттан алыстап кете алган жокмун. Жан дүйнөмө жакын үчүндүр, ырдап алсам оорумду унутуп, бир топ эле жеңилдей түшөм. Айылда бийге шыгы бар жаштар үчүн «Карагат» деп аталган бий тобун ачкам. Бул топтун ачылганына 9 жыл болду. Айыл аймактагы иш-чараларда бийлеп жүрүшөт. Ошондой эле Ноокен районунда да «Сере» деген бий тобун ачып койгом. Ага 2 жыл болду. Ырдап, бийлеп алсаң ичтеги бук болгон түрдүү ойлордон, негативдүү көз караштардан арыла түшөсүң. Айылдагы талантын байкап калган келиндерди да иш-чараларга алып чыгам. Келиндер арасында ар кандай саамалыктарды уюштурам. Элет айымдарын көтөрүүдөгү иш-чараларыбызды айыл өкмөт колдоп турат», - дейт Калыс Мураталиева.

Анын уюштуруучулук иштеринен район бийлигинин да кабары бар. 2015-жылы Түркияда Нооруз майрамына карата өткөн фестивалга анын да тизмеси кошулуп, райондогу аялдар менен бирге фестивалга катышып келген. Жашоого позитивдүү көз караш менен караган айым жакында элет жергесиндеги таланттуу кыз-келиндерди колдоо жана алардын өнөрүн элге таанытуу максатында Региондорду өнүктүрүү жылына карата өтүп жаткан «Ажарлуу айым-2018» сынагында райондук турдан биринчи орунду багындырды. Тактап айтканда, «Базар-Коргон районунун ажарлуу айымы» болду. Азыр ал райондун намысын коргоо үчүн облустук турга даярданып жаткан мезгили.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×