Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Токтогулдун Коңур-Өгүз суусундагы көпүрө авариялык абалга келип, тургундарга ыңгайсыз абал жаратууда (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы Коңур-Өгүз суусунда жайгашкан көпүрө авариялык абалга келип, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыз абал жаратууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Коңур-Өгүз суусундагы автоунаа өтүүчү көпүрөнүн абалы менен таанышты. Эскилиги жетип, кооптуу абалга келген көпүрө менен таанышып, айыл аймактын жетекчилигине тиешелүү документтерди кайрадан түзүп, так эсебин чыгарып, конкреттүү сунуш менен кайрылуусу зарыл экендигин билдирди.

Көпүрө 1990-жылдары ашар жолу менен курулган, ал Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын балансында турат. Көпүрөнүн узуну 12 метр, туурасы 4,5-метр, бийиктиги 2,8 метр болуп, темир түтүктөр жана жыгачтан курулган. Көпүрө Орто-Жон, Чеч-Дөбө айылдарынын жашоочуларын Өзгөрүш айылы менен байланыштырып турат. Чеч-Дөбө айылында 158 турак үй, Орто-Жон айылында 263 турак үй жайгашып, эки айылда жалпы 1906 адам жашайт.

Бул көпүрө аркылуу айыл чарба багытындагы 804 га сугат жер аянтынан тоют, дан эгиндери жыйналып, ташылат. Жергиликтүү жашоочулар көпүрөнүн кооптуулук жараткан абалы боюнча министрге билдиришип, көпүрөдөн өткөн учурда кулап калуу коркунучу жаралгандыгын билдиришти.

«Бүгүнкү күндө эскилиги жетип, кооптуу абалда турган бул көпүрөнү жаңылап, кайра куруу зарылчылыгы келип чыгууда», - деди Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Көп окулду
×