Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 19.05.2018 12:56

Кербен шаарындагы жол базарга айланып, ыңгайсыздык жаратууда (фото)

Turmush -  Кербен шаарынын борборунда жол четтеринде соода кылгандар көбөйдү.

Шаар тургуну Кыял Мырзакаримов билдиргендей, учурда жолдун чети базарга айланган.

«Кербен шаарында жөө адамдар басуучу жол базарга айланды. Кербен шаардык мэриясы көзөмөлгө албай жатат. Жөө адамдар унаа жүрүүчү жолдо жүрүүгө аргасыз. Азыр 1 чакырымдан ашуун жол базарга айланды», - деди ал.

Кербен шаарынын мэри Нармат Эсеналиев жолдун чети тазаланарын билдирди.

«Азыр базар боюнча рейд өткөрөбүз. Эгер жолго чыгып кеткен болсо тазаланат», - деди мэр.

Кербен шаарынын борборунда «Таш-Төбө» базары иштейт. Анда 200дөн ашуун соодагер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×