Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Майлуу-Суу шаарында ардактуу энелер сыйланды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында энелердин майрамына карата «Баатыр Эне», «Эне Даңкы» наамдарын алган энелер жана коомдук иштерге активдүү катышкан апалар сыйланды. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-майда шаар мэриясы энелерге сый көрсөтүп, баалуу белектер менен сыйлашты. Энелерге арналган майрамдык салтанатка Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри З.Батырбекова, шаардык кеңештин аппарат жетекчиси А.Мамасалиев, аялдар кеңешинин төрайымы М.Умарова катышып, өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.

«Энелер үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка баалуу белектер алынып, сыйлык ээлерине тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Майлуу-Суу шаарынан 60 эне «Баатыр эне», 20 аял «Эне даңкы» төш белгисине ээ болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1058
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×