Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Токтогул 18.05.2018 11:51

Токтогул шаардык кеңештин депутаттары «Биримдик» коалициясын түзүштү

Turmush -  Жаңыдан шайланган Токтогул шаардык кеңештин депутаттары «Биримдик» коалициясын түзүштү.

Маалым болгондой, 13-майда Токтогул шаардык кеңештин ХХVIII чакырылышына депутат болуп келгендер үч күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үч фракция «Биримдик» коалициясын түзүштү. Тактап айтканда, 7 мандатка ээ болгон КСДП, 3 мандаты бар «Өнүгүү» жана 2 мандаттуу «Энергетиктердин» партиялары биригишти. Бул коалициянын лидери болуп буга чейин Токтогул шаарынын мэри болуп келген Марат Калмурзаев шайланды.

Буга чейин 13-майда Токтогул шаардык кеңешке шайлоо өтүп, эки партия белгиленген чектен өтпөй калган. Ал эми КСДП 7, «Мекеним-Кыргызстан» 6, «Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары 3төн мандатка, «Энергетиктердин» партиясы 2 мандатка ээ болгон. Жалпысынан 10 миң шайлоочунун ичинен 5475 адам шайлоого катышып, добуш беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×