Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

«Магнит баатыр»: Унааларды магниттей тартып, буюмдарды денесине жармаштырган Ж.Сайдиновдун өзгөчө касиети (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну Жунусали Сайдинов жер менен асмандын ортосундагы магнит талаасы аркылуу унааларды тартып, ар кандай буюмдарды эч нерсенин жардамысыз денесине жармаштыра алат. Элет жериндеги өзгөчө касиетке ээ инсан менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, мындай касиет анын канында бар.

«Мындай сырдуу касиет 7 атамдын биринде болгон экен. Чоң аталарымдын бири өзгөчө касиети бар, элди дарылаган киши болгонун энем көп айтчу. Алгачкы жолу өзүмдө мындай касиет бар экенин 3-класста окуп жүргөндө билдим. Бир күнү сабак учурунда мугалим мени доскага чыгарды, жазып жатсам эле колумдан бор сыйгалангандай болду, бирок жерге түшпөй калды. Анда ага маани деле берген эмесмин. Кийинчерээк ручка, китептер да колумдан түшпөй, жармашып туруп калчу болду. Ошондо гана билдим. Мындай касиет башкаларда да бар болсо керек деп ойлочумун, чоңойгондо мындай касиет айрым адамдарда гана болоорун билдим», - дейт Ж.Сайдинов.

Анын айтымында, ал 20-30 бычак жана кашыкты бири-бирине улап магниттей көтөрө алат. Токтоп турган унааларды кара күч колдонбостон тартат.

«Ушул убакытка чейин бир нече эл аралык сынактарга жана долбоорлорго катышып, бир нече трюктарды аткарып элдин эсинде калдым. Буга чейин «Х-Фактор» долбооруна катышып, бирок четтеп калгам. Ошол сынакка катышып, бензиндин жардамында трюк жасайм деп денеме жараат алып калдым. Ошол сынакка чейин мен долбоордун уюштуруучуларына бир өрт өчүрүүчү унаа зарыл экенин айткам. Бирок алар алып келбегендиктен, коопсуздук эрежелери сакталбай өрт чыгып кетип, денем күйүп калган болчу. Ошондо алган жараатыман улам төрт ай бою Бишкек шаарындагы күйүк-жараат бөлүмүндө жатып чыктым. Ошентсе да мен өзүмдүн касиетимдин жардамы менен кыргыздын желегин бийикке желбиретип, өлкөбүздү бүт дүйнөгө таанытып, Гиннестин Рекорддор китебине кирүүнү пландап жатам», - дейт Ж.Сайдинов.

«Магнит баатыр» аталган Ж.Сайдинов 4 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
2
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5874
Көп окулду
×