Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунун Кара-Көлдөгү аймагында сел жүрдү

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы аймагында сел жүрдү. Аталган маалыматты №30 жол тейлөө ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, табигый кырсык 16-майда саат 21:45 чамасында унаа жолдун 356-чакырымында катталган. Селдин кесепетинен жол жээгиндеги тосмолорду алып кетүү коркунучу болгон. Табигый кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч келтирген факт катталган жок.

Окуя болгон жерде № 30 жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүп, эки техника тартылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 495
Көп окулду
×