Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Ариет» чыгармачыл борборунун окуучулары концерт коюшту (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдар чыгармачыл борборунун окуучулары шаар тургундарына «Балдар биздин бактыбыз» аттуу концерт тартуулашты. Бул тууралуу аталган борбордун директору Жыпара Аманкулова билдирди.

Анын айтымында, концерттен түшкөн каражат окуучулардын эл аралык сынактарга катышуусуна жумшалат.

«Бүгүнкү күнү шаар элине бир жылдык отчёттук концертибизди жана кайрымдуулук концертин уюштуруп жатабыз. Андан түшкөн каражатты окуучулардын сынактарга катышуусуна жана формаларды тиктирүүгө жумшайбыз. Концертте окуучулар ырдап, бийлеп эле тим болбостон каратэ-до боюнча машыгууларды көрсөтүштү. Ошондой эле чет тилдерин үйрөнүү ийримине катышкан окуучулар чет тилинде жомокторду коюшат. Концертте жалпы 100дөн ашуун номурлар көрүүчүлөргө тартууланды», - деди борбордун жетекчиси Ж.Аманкулова.

«Ариет» балдар чыгармачыл борбору 1996-жылы «Мээрим фонду» деген аталышта түптөлгөн, ал эми 2011-жылы «Ариет» деп өзгөртүлгөн. Азыркы тапта борбордо миңден ашуун таланттуу балдар тарбияланат, аларга 23 мугалим билим берип келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 887
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×