Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.05.2018 10:28

Кара-Көлдө МАИ постунун имараты өрттөндү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы МАИ постунун имараты өрттөндү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, өрт 16-май түнү саат 10:40 чамасында башталган. Өрт өчүрүү кызматы чакырылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Имараттын ичинде эч ким болгон эмес, өрт кырсыгынын кесепетинен имараттын чатыры жана ичи дагы күйгөн. Өрт кырсыгынан адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×