Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Аксыга барган өкмөттүн өкүлүнөн тургундар бир нече көйгөйдү чечүүнү өтүнүштү (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Аксы районунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Районго жасаган жумушчу сапары Аксы районунан 90 чакырым алыста турган Ак-Суу айыл аймагынан башталып, андагы Кадыркул Шеркулов атындагы мектептин абалы менен таанышты. 300дөн ашуун окуучу билим алган мектептин эскилиги жеткен. Өкүл имараттын эскилиги жеткендиги боюнча ӨКМдин чечимин чыгарууга аракет кылууну тапшырды.

«Мектептин имаратында жарака кетиптир. Бүгүнкү күнгө чейин кооптуу экени боюнча чечим чыгарылган эмес. Тийиштүү иш кагаздар толук болбосо кайрадан имарат салуу кыйынга турат. Айыл өкмөт башчысы мектеп боюнча тийиштүү иш алып барбаптыр. Бул боюнча биргеликте өкмөткө кайрылалы», - деди ал.

Мындан тышкары, өкүл Ак-Суу айыл аймагынын эли менен да жолугушууда. Элеттиктер жөлөк пул, пенсия маселелери боюнча нааразычылыктарын айтышып, К.Шеркулов мектебинин абалы боюнча маселени ортого салышты. Аймакта башкы дарыгердин жашы 70тен ашып калса да иштеп жаткандыгын айтып, кадр маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. Бул маселе чечилери убадаланды. Калк Ак-Суу-Кызыл-Жар-12 жолунун абалына да көңүл бөлүүнү өтүнүштү.

Өкүл Кербен шаары жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×