Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

С.Жээнбековдун агасы К.Токтомаматовдун ысымы Жалал-Абаддагы университетке ыйгарылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетине аталган окуу жайдын негиздөөчүсү, туңгуч ректору жана президенти Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева баштаган топ, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөдөн кеген коноктор жана Кантөрө Токтомаматовдун жакындары, санаалаштары катышты.

Иш-чарада алгач окуу жайда тургузулган К.Токтомаматовдун эстелигинин ачылышы болду.

Иш-чаранын катышуучулары Кантөрө Токтомаматовдун окуу жайда кылган иштери жана ийгиликтери чагылдырылган көргөзмөгө күбө болушту. Андан соң, жыйындар залында ага арналган тарыхый тасма көрсөтүлүп, келген коноктор куттуктоолорун айтышып, белектерин тапшырышты.

Эл аралык университет адегенде Жалал-Абад коммерциялык институту деп аталып, 2005-жылдан баштап Экономика жана ишкердик университети, 2017-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети болуп иш жүргүзгөн. Эл аралык университетте учурда 5 миң студент — 17 мамлекеттен келген ар улуттун өкүлдөрү окуйт.

Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин кыскача өмүр баяны:

Токтомаматов Кантөрө Шарипович 1947-жылы 20-декабрда туулган. Экономика илимдеринин доктору. 1993-жылдан баштап Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкерлик университетинин ректору болуп иштеген.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1970-жылы Ош облусунун эл чарбасын каржылоо бөлүмүнүн инспектору болуудан баштаган.

Бир нече жолу Жалал-Абад облустук кеңешинин депутаттыгына шайланып, билим берүү тармагында 40 жылдан ашык иштеген. Кесиби боюнча бир нече сыйлыктарга ээ болгон.

Кантөрө Токтомаматов 100дөн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору болууга жетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2915
Көп окулду
×