Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Авлетим айылындагы мектептин, үйлөрдүн чатырын шамал учуруп кетти (фото)

Turmush -  Аксынын Авлетим айыл өкмөтүндө 14-майга караган түнү болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу, чыгымды тактоо иштери улантылып жатат. Айыл өкмөттүн башчысы Нурмырза Абдырамановдун айтымында, турак үйлөрдүн, мектептин чатыры зыянга учураган. Адамдар жабыркаган жок.

«Катуу шамал бир нече үйдүн чатырын учуруп кетти. Мындан сырткары мектептин жана маданият үйүнүн чатырларына зыян келтирилген. Бир үйдү терек кулап басып калды. Учурда Авлетим жана Итагар айылдарында чыгымды тактоо иштерин улантып жатабыз», - деди Н.Абдыраманов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 996
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×