Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Аксыда жамгыр жана шамалдан 50дөн ашык үйдүн чатыры жабыркады (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 12-майында нөшөрлөгөн жаандан жана катуу шамалдан улам Аксы районуна караштуу Кара-Суу, Ак-Жол, Авлетим, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндө жалпы 54 турак үйдүн чатырлары жабыркады. Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Дайырбек Каримов тастыктады.

Анын айтымында, турак үйлөрдөн сырткары 2 мектептин жана 1 бала бакчанын чатыры да жабыркаган.

«Социалдык объектилердин чатырлары кайрадан калыбына келтирилди. Ал эми жергиликтүүлөрдүн үйлөрүнүн чатырларынан 2-3 шифер учкан. Бир үйдүн чатыры учкан. Жалпы 54 турак үйдүн жана соцобъектилерди кошкондо 410 даана шиферди шамал жараксыз абалга алып келди», - деп билдирди ал.

Ал маалымдагандай, башка район-шаарларда селден жабыркагандар катталган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×