Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Америкалык жигит Польшада билим алып жаткан Ноорузбектин кыргыз экенин ак калпактан тааныган (фото)

Turmush -  Токтогулдук Райидин уулу Ноорузбек Польшанын Варшава шаарында туризм тармагында билим алууда. Ал польшалыктардын мүнөзү жана жашоосу, жоголуп бара жаткан каада-салты жана үрп-адаттары, башка элден өзгөчөлүктөрү жана окшоштуктары жөнүндө аймактык кабарчыга айтып берди.

Мекендешибиздин Польшага барып билим алуусуна анын жакын досу түрткү болгон.

«Польшага болгон сапарыма Нуржигит аттуу досум себепчи жана жардамчы болду десем жаӊылышпайм. Түркияда окуп жүргөндө аталган досум менден мурда Польшага барып билим алган. Бир күнү ал мага келип, "сен дагы тапшырып көр, балким өтүп каласыӊ" деди. Албетте, мен дароо макул болдум. Польшага барып окуш үчүн "Эразмус+" программасына сынак тапшырыш керек эле. Сынак болсо англис тилинде өтөт. Нуржигит досум сынакка даярданган учурда да көптөгөн жардамын берди. Ошентип аталган сынактан өтүп, кудайымдын буйругу менен окуп жүрөбүз. Учурда Польшанын борбору Варшава шаарында туризм тармагында билим алуумду улантып жатам», - деди ал.

Ноорузбек Европа мамкеттериндеги элдердин каада-салттарынын көбү жок болуп кеткенин байкаган.

«Польша элинин өзгөчө каада-салтын азырынча көрө элекмин. Европа мамкеттериндеги элдердин каада-салттарынын көбү жок болуп кетиптир. Бул өлкөнүн артыкчылыгы башка Европа мамлекеттери сыяктуу эле өнүккөн, жашоо шарттары жеӊил жана кээ бир Европа өлкөлөрүнө караганда бир аз динге бекем жана жакын келишет экен. Көбү католиктер. Жакшы бир мыйзамы бар экен. Мисалы, аялдар боюнан алдырууга мыйзам тыюу салган. Дүйнөлүк көз караш менен карай турган болсок, кемчилиги жок баары орду менен. Бирок адамдардын көпчүлүгүнүн жүзүнөн жылмаюу көрө албайсың. Мен бул жагын жакшы түшүнө алган жокмун. Демек, бактылуулук — жалгыз материалдык өнүгүүдө, барчылык жашоодо эмес экен деп ойлоп койдум.

Европа мамлекеттери бирдей маданиятка бара жатышкандай сезилет. Жаштарын айта турган болсом, иштеринде, окууларында, күнүмдүк жашоолорунда ийгилик жарата алышат жана өзүнө-өзү ишенимдүү жүрүшөт. Себеби, кичинесинен баштап ошондой тарбия алышат экен. Мисал кылып айтсам, баласы туура эмес иш кылса дагы биздикилердей болуп кыйкырып, уруп сокпой, жөн гана жумшак сөз менен кемчиликти жойдурууга аракет кылышат. Тилекке каршы өзүнө-өзү ишеними күчтүү жаштардын көпчүлүгү түнкү жашоо менен жашашат экен. Бул жаштарды көрүп, бир агайымдын айткан сөзү эске түшпөй койбойт. Ал минтип айткан эле: "Жаштарга жакшы дүйнө калтыргыча, дүйнөгө жакшы жаштарды калтыр". Себеби, ата-бабалары эмгектенип, көрбөгөн азап-тозок менен ушундай мамлекетти калтырып кетсе, жаштары аны туура пайдалана албай жүрүшөт», - деди ал.

Мекендешибиз польшалыктардан үйрөнө турчу адаттар көп экенин баса белгиледи.

«Биз үйрөнө турчу нерселери көп. Мыйзамды бекем сакташат, жол эрежелерин бузушпайт, коомдук автоунааларда билеттердин баары электрондук вариантта, айдоочу акча алып алагды болбойт, өз ишин так аткарып кете берет. Ушундай майда көрүнүштөр бирок мааниси чоң.

Тамак-ашын айта турган болсок, чынын айтсам булардын тамагынан камырга түйүлгөн картошка эле жедим. Себеби доӊуз (чочконун) этин көп колдонушат экен. Белгилей кетчү нерсе, тамак-аш тармагында түрк туугандарыбыз көп иштешет. Алар өздөрүнүн донерлерин ачып алышкан. Бирок, тейлөө кызматы чындыгында Түркияга жетпейт экен», - деди ал.

Мекендешибиз сыртта жүрүп, кызыктуу окуяга туш болгонун да айтып берди.

«Кызыктуу окуя Будапештке саякаттап барганыбызда болду. Досум калпак кийип алган эле. Сүрөткө түшүп жатсак, тааныбаган эле бирөө келип учурашып, "кыргызстандыксыӊарбы?" деп калды. Таӊ калдык. Бир аз сүйлөшүп, таанышкандан кийин "эмнеден улам кыргыз экенибизди тааныдыӊар?" десек, калпагыӊардан тааныдым дейт. Ал өзү Америкадан болот экен. Албетте, америкалык жигит кыргыздын калпагын таанып учурашканы бизди кубандырды», - деди ал.

Ноорузбек үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

«Мен Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 1994-жылы 19-мартта жарык дүйнөгө келгем. Эки бир туугандын улуусумун. Менден кийин иним бар. Атам-энем мектепте мугалимдик кесипти аркалашчу, кийин мен мектепти бүткөн соӊ алар да чет мамлекетке эмгектенүүгө кетишкен. Келечектеги максатым — кыргыз элиме, жериме кызмат кылуу», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2668
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×