Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 13.05.2018 10:03

Сузак районунда «Жыл мугалими — 2018» сынагы башталды

Turmush -  Сузак районунда «Жыл мугалими — 2018» сынагы башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынакка район боюнча тандалып алынган 16 мугалим катышууда. Салтка айланган кароо-сынак мугалимдерди колдоо, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында өтүп жатат.
Сынактын катышуучусу Алтынай Мамасалиеванын айтымында, ал билим берүү тармагында 10 жылдан бери эмгектенет. Ал сынакка көптөн бери даярданып келген.

Райондун айыл аймактарынан тандалып келген мугалимдер сынакта кесиптик чеберчилигин көргөзүп, түрдүү тапшырмаларды аткарышат. Биринчи иш тажрыйбасын, усулдук иштерин сынга коюшуп, өздөрүн тааныштырышат. Экинчи күнү предметтик тесттен өтүшөт жана ар кандай кырдаалда кесиптик даярдыгын көргөзүшөт.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, облустук турга жолдомо алышат. Ошондой эле, уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×