Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.05.2018 17:22

Жалал-Абадда эки тургундан ок атуучу куралдар алынды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр жана Чаткал райондорунун эки тургуну ок атуучу куралдарды милицияга тапшырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Таш-Көмүр РИИБдин кызматкерлери 10-майда саат 02:00дөр чамасында Аксы районунун аймагында 66 жаштагы Ч.Т.нын үйүнөн мыйзамсыз сакталган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды алышкан. Курал 1955-жылы чыгарылган, анын эч кандай документтери болгон эмес.

Тургундун көрсөтмөсүндө аталган ок атуучу куралды 1969-жылы атасы Ч.Б. Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан ок атуучу куралдарды сатуучу дүкөндөн тийиштүү документтери менен кошо сатып алган. Ошол учурларда аңчылык кылып жүрүп, кийин тийиштүү документтерин жоготуп жиберген.

Бул боюнча ШИИБ тарабынан соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын 1982-жылы туулган тургуну О.А. өзүнүн сарайын бузуп жатып, белгисиз ок атуучу курал таап алып, аны РИИБге өз ыктыяры менен тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×