Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.05.2018 11:09 Жаңыланды: 11.05.2018 17:44

Айыл турмушу: Кара-көлдүк М.Доморова сыйлуу конокко тартылчу казан кордо тамагы кандай жасаларын айтып берди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 55 жаштагы тургуну Мырзайым Доморова кыргыздардын байыркы тамактарынын бири болгон казан кордо тамагын жасоо ыкмасын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

М.Доморованын айтуусунда, казан кордо тамагы сыйлуу конокторго тартылат.

«Бул тамакты жаратылышка чыкканда жасап жегендер көп, аны аш кордонун бир түрү деп айтса да болот. Бирок казан кордо шорполуу болгондуктан ага камыр салып, бешбармак жасаса да даамдуу болот.

Алгач союлган бир койдун ичеги-карыны, боору, өпкөсү, куйругу, эти, баш-шыйрактары бүт баары чогу казанга салынат. Тамакка май кошулбайт. Алгач казанга баардык этти салып, газдалган 4 литр сууну куюп, туз, зире, кара, кызыл калемпир, лавр жалбырагы жана атайын татымдарды салып аралаштырабыз. Аны татымдар сиңгиче 3 саатка (1 күнгө чейин койсо болот) коюп коёбуз. Андан соң казанды очокко асып, отту акырындап жагып, жай кайнатабыз. Козунун эти 1 саат 20 мүнөттө бышат.

Андан кийин этти сузуп алып, шорпосуна дагы бир челек суу куюп кайнатып, камыр салып, беш бармак жасайбыз. Этти беш бармак менен конокко тартабыз», - деди ал.

Анын айтымында, ал казан кордо тамагын 6 жылдан бери жасайт.

«Казан кордону койдун этинен гана жасайм. 6 жыл мурун досторумдукуна конок болуп барып, алар бизди казан кордо тамагы менен сыйлаган. Ошондо жасоо ыкмасын сурап алып, биринчи ирет жасаганымда абдан даамдуу болгон. Ошол күндөн бери конок тоскондо же сыйлуу коноктор келгенде жасап берем», - деди Мырзайым Доморова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×