Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Оорук экинчи фронт болчу, - Кара-Көлдөгү ооруктун жалгыз ардагери А.Тагаева (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 87 жаштагы тургуну Айша Тагаева шаардагы ооруктун жалгыз ардагери болуп саналат.

Маалым болгондой, Айша Тагаева 1931-жылы Лейлек районунун Көкташ айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча тарых мугалими. Билим берүү тармагында 35 жыл үзүрлүү эмгектенген. Исфана шаарындагы Гагарин атындагы мектептин алдындагы интернатта директор, мугалим болуп иштеген. Партиялык жумуштарда активдүү эмгектенген.

Өзүнүн айтымында, ал 1945-жылы балдар үйүндө билим алган.

«Адамдар 21 жашында институтту бүтсө, мен араң 7-классты бүтүрдүм. Мурун ата-энем барында окугам. Кийин эсимден чыгып калып, кайра 1-класстан баштап окудум. 1955-1956-жылдары университетке өттүм», - деди ал.

А.Тагаеванын айтуусунда, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал 10 жашта болчу.

«Согушка аталарыбыз, агаларыбыз, жаштардын баары кетти. Чал, кемпир, кичинекей балдар гана калдык. Балалыгыбызга карабастан иштедик. Алгач бизди жаш деп машак тердиришти. Чоңдор буудайды оруп кетет. Биз жерге түшүп калган машагынын бир данын калтырбай теребиз. Кийинчерээк оргонду үйрөндүк. Ченеп берген сотых жердеги буудайды оруп баштадык. Түнкүсүн ай жарык болуп толгондо салкын болот, ошондо да бизди уктатпай орок ордурушчу. Уктап кетебиз, артыбыздан ойготушат. Биз бактылуу балалыктын доорун сүргөн жокпуз. Чоңдор менен кошо иштеп жүрдүк, ачарчылык болду. Кечинде бир кара токоч жана сууга нокот деген өсүмдүктү бышырып беришчү. Ошол бир күндүк нормадагы тамагыбыз болчу.

Ал кезде оорук дегенди уккан эмесмин. Оорукту экинчи фронт дешчү. Анткени күн алыс эле адамдар өлүп калат эле. Арабага салып алып, кете беришчү. Жумуштун оордугунан, ачарчылыктан адамдар көп өлчү. Айрыкча жаштар. Өлүгүн бизге көрсөтпөй арабага жүктөп кетишет. Бирок биз адам көрүнбөй калса, демек ал өлүп калды деп билет элек», - деди ал.

Учурда анын 2 кыз, 2 уулу, 13 небере, 3 чөбөрөсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1520
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×