Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.05.2018 13:15

Ала-Букада Жеңиш майрамы аскердик техникалардын парады менен коштолду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чара алгач Жеңиш паркындагы өчпөс отко гүлчамбарларды коюу менен башталып, согушта курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлүп, асманга ок атылды. Андан соң райондун борбордук аянтында майрамдык салтанат башталды. Анда Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров райондун элин Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктап, Жеңиш күндүн тарыхта орду чоң экенин, бул күндү эскерип, даңазалоо кийинки муундун милдети болуп саналарын белгилеп кетти.

Майрамдык салтанаттын урматына аскердик парад уюштурулуп, параддан жоокерлер аскердик оор техникалар менен өтүшүп, ал ыр-бийлер менен коштолду. Ошондой эле райондо «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду. Майрамдык салтанатка 7 миңге чукул тургундар катышып, эс алуу бактарында оюн-зооктор өткөрүлдү.

Ала-Бука районунан согушка жалпы 3421 жоокер катышып, алардын ичинен 2305 жоокер кан майданда курман болушса, 1116 жоокер кайтып келген. Учурда райондо согуштун 4 ардагери, ооруктун 4 катышуучусу жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×