Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Базар-Коргондо кайын журтуна барып, 6 адамды бычактаган күйөө баланын иши сотко өттү

Turmush -  Базар-Коргон районунда мурдагы кайын журтуна барып, 6 адамды бычактоого шектелген күйөө баланын иши райондук соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-майында биринчи соттук отурум болот.

«Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелеринин 2-бөлүмүнүн 1-3-6-пункттары (адам өлтүрүүгө далалат кылуу), 97-берененин 2-бөлүмүнүн 1-4-6-10-пункттары (адам өлтүрүү), 246-берененин 3-бөлүмү (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын сактоо) менен айыпталган Б.М. жөнүндө кылмыш иши Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна жөнөтүлүп, соттун өндүрүшүнө кабыл алынды. Иш кароого дайындалып, бирок соттук отурумга жабырлануучулар жана жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу ишти кароо ушул жылдын 15-майына жылдырылды», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу

Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бир адам каза болуп, 5 адам ооруканага түшкөн.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында ушул жылдын 21-февралда түнү болгон. Кайненесинин үйүнө барган күйөө бала спирт ичимдигин ичип алып, кайненесинин үйүндөгү үч адамды жана көчөдө бара жаткан эки тургунду бычактаган.

Анын кесепетинен көчөдө бара жаткан жарандын бири окуя болгон жерде мерт кеткен. Оор жаракат алып, аймактык ооруканага жалпысынан 5 адам түшкөн.

Алар:

- 1971-жылы туулган М.У. (аял киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 1978-жылы туулган К.К. (эркек киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 2012-жылы туулган М.М. (эркек бала), көкүрөгүнүн сол тарабына бычак сайылган;

- 1993-жылы туулган Ж. кызы Г., башынан жана колдорунан көптөгөн жаракат алган;

- 1960-жылы туулган Ч.Б.(эркек адам), оң далысынан жана мойнунан жаракат алган;

Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 1984-жылы туулган Б.К. экени аныкталды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кызыл-Ай айылына күйөө бала болгон жаран Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал уктап жаткан үй-бүлөгө кол салып, алгач кайнатасын бычактоого аракет жасаган. Үйдөгү аялы жана кайнежеси аны менен алышып, эжеси кошуналарын жардамга чакыруу үчүн көчөгө чуркап чыккан.

Күйөө бала жардам сурап жөнөгөн аялдын артынан чуркап, жардамга келген эки кошунасын бычактаган. Кайра үйүнө кирип, өзүнүн жубайын жана уктап жаткан 6 жаштагы балага да бычак сайып, качып кеткен.

Кийинчерээк Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери өзгөчө оор кылмышка шектелген адамды кармаган. Аталган факты боюнча өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголгон. Кармалган адам мурда да мал уурулук боюнча бир нече жолу соттолгондугу жана издөөдө жүргөндүгү такталган. Бир нече ай мурда шарттуу түрдө жаза алып, сот залынан бошотулган. Ал окуядан кийин камакка алынып, тергөө башталган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3111
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×