Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.05.2018 19:14

Базар-Коргондо Улуу Жеңинтин 73 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда Улуу Жеңинтин 73 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара митинг-реквием менен башталып, анда согушта курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окулду. Андан соң «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, ага райондун акими Айбек Бегимкулов баштаган мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл аймак башчылары, жалпы райондун аймагынын тургундары катышты.

Базар-Коргон районунда учурда 22 ардагер бар. Алардан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабар алып, майрамга карата өз белектерин тапшырышкан эле.

Мындан тышкары, Бешик-Жон айыл өкмөтүндө да Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата эскерүү аземи жана «Өлбөс полк» жүрүшү болду. Бешик–Жон айыл аймагынан согушка 370 жоокер аттанып, анын 264ү кайтпай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×