Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда аскерлер бронетехникалар менен параддан өтүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Майлуу-Суу шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленди.

Мэриянын маалыматына караганда, салтанаттуу иш-чарага ардагерлер Б.Кадыркулов, Т.Абдуллаев жана ооруктун эмгекчиси Т.Шарипова катышты. Анда шаар мэри Н.Маматов баштаган бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, ардагерлерге ыраазычылык билдиришти.

Иш-чарада №30295 аскер бөлүгүнүн жамааты бронетехникалары менен параддан өтүштү. Ал эми шаардык маданият бөлүмү тургундарга концерттик программа тартуулашты.

Ошондой эле, саамалыкта Жогорку Кеңештин депутаты Т.Мамытовдун атынан ардагерлерге акчалай сыйлык тапшырылды.

«Шаар мэри Н.Маматов кечээ, 8-майда эки согуштун ардагерине жана ооруктун бир ардагеринин үйлөрүнө барып, алардан кабар алуу менен бирге мэриянын жана өкүлчүлүктүн акчалай жардамын тапшырып келген», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 953
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×