Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.05.2018 15:55

Чаткал районунда Жеңиш күнүндө «Өлбөс полк» жүрүшү өттү (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Улуу Жеңиш майрамына карата «Өлбөс полк» жүрүшү болуп өттү.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, жөө жүрүшкө райондун 8 айылындагы тургундар катышып, өчпөс отко гүлчамбар коюшту.

Район акими Канжарбек Эшалиев элди Жеңиш күнү менен куттуктап, ооруктун ардагерлерин жана согуштун ардагерлеринин жесирлерине бакубат жашоо каалоо менен согуштун катышуучуларынын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын баса белгиледи.

Анда ооруктун ардагерлерине жана ардагерлердин жесирлерине райондун жетекчилиги жана мекемелер тарабынан белектер таратылды. Иш-чара алкагында катышуучуларга сый тамак тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×